Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун куттуктоо сөзү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун куттуктоо сөзү

31 август 2021, Вторник
985
0

Урматтуу Ордолуу шаарыбыздын тургундары жана меймандары! 


 Баарыңыздарды Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Кыргыз Республикабыздын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

           Бүгүн, сүйүктүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын күнү. 

        Андыктан, эгемендүүлүктү кадырлап, барктап сактоо, эгемен мамлекетибиздин ар бир жаранынын ыйык милдети деп эсептейм.

 Мамлекетибиздин желеги бийиктикте эркин жана көз карандысыз желбиреп, бейиштей кыргыз жерининин Улуу эли биримдикте, ынтымакта түтүн булатып келе жатат.

  Элибиз тарых барактарында унутта калбастан уюткулуу кыргыз улуту катары калыптанып, даңктуу, узун жолду басып өтүшкөн. Ата-бабалардын баскан изин кадырлап, алардын баштап кеткен жолун мурастап калуу баарыбыздын милдетибиз!

 Бул жылдар аралыгында элибиз өтө татаал жолду басып өттү. Эгемен мамлекетибиздин алгачкы барагын ачып, андан кийинки бир катар жаңылануулардын жана саясий бурулуштардын башатында да элибиз өзү турду. 

 Өткөн 30 жыл аралыгында, өлкөбүз көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бүткүл дүйнөдө   өзүнүн татыктуу ордун ээледи. 

 Мамлекетибиздин, коңшулаш жана чет мамлекеттер арасындагы аброю бир топ деңгээлге көтөрүлдү. Бүгүнкү күнү мына ушул жеңиштердин жана ийгиликтердин баардыгы Эгемендүүлүктүн баалуу жемиши деп билсек болот. 

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын ардактуу коноктору!

Дагы бир жолу мамлекетибиздин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктаймын! 

Элибиз аман, жерибиз тынч болсун! Жүздөрүнөн кубанычтын, ыймандуулуктун нуру жанган, көп улуттуу калкыбыз биримдикте болсун! 

Асманыбыз ачык, пейлибиз кенен, дилибиз таза болсун!Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп өсө берсин!

        Майрамыңыздар кут болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)