Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленди

31 август 2021, Вторник
1 068
0


Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жогорку дэңгээлде белгиленди. Майрамдык аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У.Марипов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков жана депутаттар, Ош шаарынын мэри А.Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош шаарына келген коноктор жана жашоочулары катышышты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап элибизге амандык, жерибизге тынчтык каалады.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси бүгүн кечки саат 19:00дө шаарыбыздын борбордук аянтында концерттик программа менен улантылат.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)