Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында «Ак калпак» күнүнө арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Ош шаарында «Ак калпак» күнүнө арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

05 март 2019, Вторник
3 154
0
Бүгүн, Ордолуу Ош шаарында «Ак калпак» күнүнө арналган жаштардын салтанаттуу иш чарасы  Ош шаардык Кеңешинин 
депутаты А.Осмоновдун жана шаардын вице-мэри Н.Кадыровдун катышуусу менен өткөрүлдү.
            Иш чара Кыргызстан театрында өткөрүлүп, шаардык Кеңештин депутаты Ашим Осмонов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун атынан катышуучуларды “Ак калпак” күнү менен куттуктады.  Ашим Осмонов куттуктоо сөзүндө “Ак калпак” күнүнө арналган салтанаттуу иш чаранын уюштуруучуларына, Ош шаарынын мэриясына жана жаштарга Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазылык билдирип, мындан ары да элибиздин биримдиги, ынтымагы, достугунун бекемделе беришине жана Ош шаарынын чыгаан жаштарынын мекенчил, ар намыстуу жана билимдүү болушуна тилектештигин билдирди. Жаштардын оюн-зоок программасы менен башталган иш чарасы андан ары Ак калпакчандардын жүрүшү менен уланды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)