Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында заманбап балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү

Ош шаарында заманбап балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү

15 сентябрь 2021, Среда
863
0

2021-жылынын 15-сентябрында жаңы окуу жылынын ачылышынын алкагында Ош шаарынын «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгында  №82 “Аймончок” балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп өттү. 

Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык Кеңештин депутаттары, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Төрага С. Назылбеков балдар бакчасынын ачылышы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, бакчада эмгектенип, балдарга татыктуу тарбия бере турган тарбиячы эжелердин иштерине ийгиликтерди каалады. Билим берүү мекемелери өлкөдөгү тарбия-тартиптин негизи болушу керектигин айтып, ишке берилип жаткан жаркыраган балдар бакчасынан акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил жаштар өсүп чыгуусуна тилектештигин билдирди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)