Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү белгиленди

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү белгиленди

21 сентябрь 2021, Вторник
888
0

Бүгүн «Классик» мейманканасында КРнын ишкерлер күнүнө карата Ош шаарындагы ишкерлердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышышты. Төрага Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан мамлекетибиз эркин экономикалык багытты тандап алгандан баштап ишкердике жол ачылып, ишкерлер экономикабыздын локомотиви экендигин белгилөө менен, атаандаштык заманында ишкерлерге ийгиликтерди каалады

С.Назылбеков ишкер чөйрөдөн чыккан депутат катары шаардагы ишкерлердин көйгөйүн жакындан биле тургандыгын белгилеп, ал көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн ушундай бей формал жолугушууларды көп уюштуруп, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштардын негизинде алдыда аткарыла турган милдеттер менен ой бөлүштү. Сөзүнүн аягында мыкты ишкерлерди  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады. 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)