Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги III сессиясы өз ишин аяктады

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги III сессиясы өз ишин аяктады

28 сентябрь 2021, Вторник
1 061
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги  III сессиясында  күн тартибине кирген 7 маселе каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Сессиянын күн тартибине кирген маселелер:  

1. Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин  аткарылышы боюнча отчету жөнүндө; 

2. Ош шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө;

3.Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;

4.“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби  жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө;

5.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп   берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө” №230 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

6.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылга бекитилген иш планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;

7.Ош шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын  резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө.

Ар бир маселе депутаттар тарабынан кызуу талкууланып, ой-пикирлерлери эске алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле, депутаттардын курамына өзгөрүүлөр киргизилди. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен депутаттар Эргешов Бекмурза менен Исмаилов Нурбек өз калоолору менен депутаттык мандаттарын тапшырышканына байланыштуу, орундарына Баетов Болот менен Бакир уулу Шахназар депутаттык мандатка ээ болушканы маалымдалды.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)