Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү

08 октябрь 2021, Пятница
1 134
0


 
 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү


            Бүгүн Ош шаарынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга арналган билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу кече өткөрүлдү. Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын вице-мэри Венера Ырыскулова жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Ардактуу кесип ээлерин төрага куттуктап, алардын мамлкетибиздин өнүгүүсүндө, келечекти курууда, коомубуздун  талап-нормаларга ылайык сакталышында баалуу орду бар экендигин белгиледи. Ар бир инсандын жетишкен ийгиликтеринде, анын турмуштан ордун таба билүүсүндө мугалимдин түздөн-түз тиешеси бардыгын билдирип, бул кызматтын түйшүктүү жана оор экендигин баса белгиледи.

            Жалпы билим берүү кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, баалуу белектерин жана Ардак грамоталарын тапшырды. 

            



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)