Ош шаардык Кенешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү
Ош шаардык Кенешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү
Отурумду комиссиянын төрагасы М.Джусупов алып барып, мүчөлөрү Г.Кулдышева, Д.Абдибаева, Н.Самиева, К.Мамашов, А.Раимбердиева, Н.Каримов жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Күн тартибине ылайык, социалдык тармактын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин маалыматтары угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилип, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына «Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү “Келечекке татыктуу шаар” программасын бекитүү жөнүндө» маселе, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий онүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылга карата иш-планы сунушталды.