Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2022-жылга бюджетинин жана 2023- 2024-жылдарга болжолунун долбоору

Ош шаарынын 2022-жылга бюджетинин жана 2023- 2024-жылдарга болжолунун долбоору

27 январь 2022, Четверг
1 080
0
Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-

2024-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө” токтомунун

долбооруна маалымкат-негиздеме

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору жана 2023-
2024-жылдарга карата болжолу Ош шаардык Кеңешинде кароо жана бекитүү үчүн
сунуштоо максатында иштелип чыккан.
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору жана 2023-
2024-жылдарга карата болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык
кодекстерине, «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети
жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык жана 2021-
жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде даярдалган.
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына ылайык бюджеттин
долбоору бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздайт жана социалдык,
экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык
кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле сунушталган долбоор колдонуудагы башка
ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт.
Бюджеттин долбоору жарандардын жана юридикалык жактардын
кызыкчылыктарын түздөн-түз козгобойт, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө
салууга багытталган эмес, жөнгө салуу таасирин талдоону талап кылбайт.
2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү
(бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын
бекитилген бюджетине салыштырмалуу 17,9 % га, же болбосо 242 810,0 миң сомго
көбөйүп, 1 600 510,0 миң сомго аныкталды.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин
2022-жылга долбооруна жана 2023-2024-жылдарга

болжолуна түшүндүрмө кат

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору жана 2023-
2024-жылдар болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык
кодекстерине, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын
2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү»
мыйзамдарына ылайык, ошондой эле 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин
аткарылыштарынын негизинде түзүлдү.

Бюджеттин киреше бөлүгү

2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик
мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бекитилген бюджетине
салыштырмалуу 117,9%га өсүп, же болбосо 242 810,0 миң сомго көбөйүп 1 600 510,0
миң сомго аныкталды, анын ичинен:
- салыктык кирешелер 1 365 610,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин
көлөмүнөн) түзүүдө;
- салыктык эмес кирешелер 154 900,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин
көлөмүнөн) түзүүдө;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0%
жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.
«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-
2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке
салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:
- киреше салыгы - 100%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;
- мүлк салыгы - 100%;
- жер салыктары - 100%;
- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык - 100%;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги
салык – 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.
Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана
2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2023-жылга Ош
шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 630 200,0 миң сом жана 2024-
жылга 1 661 683,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга атайын каражаттарды кошкондо
1 600 510,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2021-жылга салыштырмалуу 242 810,0
миң сомго көп каралууда.
2022-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн
- 17,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,
- 0,4 % коргонуу тармагы

- 15,0 % экономикалык маселелер,
- 34,9 % турак жай жана коммуналдык чарба,
- 5,7 % маданият жана спорт тармагы,
- 25,2 % билим берүү тармагы,
- 1,3 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызматтар тармагына кетүүчү
чыгымдарга 2022-жылга 279 906,9 миң сом белгиленүүдө, анын ичинен;
- Ош шаардык Кенешин аппаратын каржылоого - 16 244,8 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясын аппаратын каржылоого – 42 792,8 миң сом;
-Ош шаарынын мэриясынын автогаражын, муниципалдык менчик
башкармалыгынын аппаратын, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен
байланыш кызматын, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана
аналитика башкармалыгын, муниципалдык аймактык башкармалыктарды, Жапалак
айылдык аймактык башкармалыгын каржылоого - 81 869,3 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондуна 14 000,0 миң сом;
- тышкы кредиттерди төлөөгө жана Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык
уюмдарга жана ассоцацияларга мүчө акы төлөөгө 125 000,0 миң сом акча каражаты
каралууда.
Коргоо тармагына 2022-жылга 6 081,3 миң сом өлчөмүндө акча каражаты
белгиленүүдө. Бул тармакта негизинен Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош
шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акылары,
коммуналдык төлөмдөрү, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдары
(призыв граждан) жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) акча каражаты каралууда.
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына 558 987,9
миң сом акча каражаты белгиленди, анын ичинен:
- Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына – 122 450,7
миң сом;
- «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен
камсыз кылууга – 71 099,7 миң сом;
- Жарандарды тейлөө борборуна – 9 137,1 миң сом;
- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына –
13 305,0 миң сом;
- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук
баракчасына – 92 995,4 миң сом;
- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук
баракчасына – 250 000,0 миң сом сунушталууда.
Экономикалык маселелер тармагына 2022-жылга – 239 575,3 миң сом
өлчөмүндө белгиленүүдө, анын ичинен:
- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына шаардагы жеңилдиктери
бар жана бекер жүрүүчү категориядагы жүргүнчүлөрдүн муниципалдык коомдук
транспорт менен ташууга компенсацияга (пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандар, окуучулар ж.б.) – 30 000,0 миң сом;
- «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасына – 33 720,8 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын аппаратын
каржылоого – 10 854,5 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына
– 165 000,0 миң сом (жолдорду оңдоого жана курууга) каралууда.
Эс алуу, спорт жана маданият тармагын каржылоого 2022-жылга – 91 133,3
миң сом акча каражаты каралып, негизинен төмөнкү иш-чараларга сунушталууда:
- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды
өткөрүүгө – 31 142,8 миң сом;
- Ош шаардык китепканасын жана айылдык маданият үйүн каржылоого –
10 710,8 миң cом;
- маданият башкармалыгынын, дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери
боюнча комитеттеринин аппараттарын жана маданият башкармалыгынын
борборлоштурулган бухгалтериясын каржылоого –13 238,0 миң сом;
- «Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго, «Ош шамы» гезитине
субсидияга – 27 500,0 миң сом;
- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна,
фольклордук-эстрадалык тобуна – 8 541,7 миң сом каралууда.
Билим берүү тармагына 2022-жылга 403 900,7 миң сом өлчөмүндө акча
каражаты каралды.
Бул тармака төмөндөгү беренелерге акча каражаты каралууда:
- мектептердеги 1-4-класста окуган балдардын тамак-ашына – 53 941,8 миң сом
(бир окучууга бир күнгө 10 сомдон);
- бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар – 49 018,8 миң
сом (норма боюнча кенже тайпаларга 13 сомдон, жогорку тайпаларга 18 сомдон);
- мектеп интернаттардын, Алтын Уя, Лотос балдар үйлөрүнүн тамак ашына –
11 411,0 миң сом;
- билим берүү мекемелерине эмгек акы төлөөгө жана социалдык фондко
чегерүүгө – 2 851,4 миң сом;
- мугалимдердин жана бала бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык
төлөмдөрүнө жеңилдиктерге акча каражаты – 14 810,4 миң сом (бир кызматкерге
айына 300 сомдон);
- мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө жана көмүр сатып алууга
(байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, газ, көмүр) –139 072,3 миң сом;
- билим берүү мекемелерине эмеректерди, парталарды, компьютелерди сатып
алууга, ремонт иштерине жана башка чыгымдарына акча каражаты 56 039,0 миң сом
каралууда.
- билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 75 486,0 миң сомго
белгиленүүдө.
Социалдык коргоо тармагына 2022-жылга 20 924,6 миң сом өлчөмүндө акча
каражаты каралууда, анын ичинен:
- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына
– 7 064,0 миң сом;
- «Боорукердик» балдар жана карылар үй-интернатына – 10 471,1 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү
борборуна – 2 822,0 миң сом;

- Ардагерлер Кенешине – 567,5 миң сом сунушталууда.
«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-
2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2023-жылга Ош
шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолу 1 630 200,0 миң сом жана 2024-
жылга 1 661 683,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

Ош шаарынын
биринчи вице-мэри М.А. Исаев

атк: КРнын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы

 



2022-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
кирешелер бөлүгүнүн долбоору





(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 365 610,0
1Киреше салыгы927 010,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык27 500,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык200 000,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык9 200,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 97 000,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык45 000,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы19 300,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы38 500,0
10Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык1 000,0

Салыктык эмес кирешелер154 900,0
11Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 62 500,0
12Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө87 500,0
13Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 100,0
14Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
15Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым1 500,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 520 510,0
16Атайын каражаттар80 000,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 600 510,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                                                       М.А. Исаев




 



2022-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
чыгашалар бөлүгүнүн долбоору





(миң сом)
ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга,     анын ичинен:  279 906,9

    мэриянын резервдик фонду 14 000,0

    кредиттерди жоюга125 000,0

  атайын каражаттар50,0
2Коргоо тармагына6 081,3
3Экономикалык маселелерге239 575,3

анын ичинен атайын каражаттар606,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 558 987,9

анын ичинен атайын каражаттар3 110,0
5Эс алуу, спорт жана маданият тармагына91 133,3

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө403 900,7

анын ичинен атайын каражаттар75 486,0
7Социалдык коргоого20 924,6

анын ичинен атайын каражаттар248,0




Жыйынтыгы1 600 510,0

анын ичинен атайын каражаттар80 000,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                                       М.А. Исаев









атк: КРнын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы


 



2023-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
болжолу





(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 383 400,0
1Киреше салыгы936 500,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык28 000,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык205 000,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык9 500,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 98 500,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык45 500,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы19 300,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы38 500,0
10Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык1 500,0

Салык эмес кирешелери156 800,0
11Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 63 500,0
12Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө88 000,0
13Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 500,0
14Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
15Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым1 500,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 540 200,0
16Атайын каражаттар90 000,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 630 200,0



ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга285 505,0

  атайын каражаттар90,0
2Коргоо тармагына6 203,0
3Экономикалык маселелерге244 367,0

  атайын каражаттар610,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө570 167,0

анын ичинен атайын каражаттар3 110,0
5Эс алуу, спорт жана маданият тармагына92 955,0

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө409 660,0

анын ичинен атайын каражаттар85 440,0
7Социалдык коргоого21 343,0

анын ичинен атайын каражаттар250,0

Жалпы чыгашалар:1 630 200,0

анын ичинен атайын каражаттар90 000,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                                      М.А. Исаев









атк: КРнын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы

 
2024-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын болжолу





(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери1 406 683,0
1Киреше салыгы949 683,0
2Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык28 500,0
3Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык207 000,0
4Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык9 700,0
5Кыймылсыз мүлккө салык 105 000,0
6Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык46 000,0
7Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы19 300,0
8Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы1 100,0
9Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы38 500,0
10Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык1 900,0

Салык эмес кирешелери162 000,0
11Мамлекеттик имараттарды  ижарага берүүдөн  акы төлөө 67 500,0
12Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө89 000,0
13Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы2 500,0
14Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар1 300,0
15Автотраспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым1 700,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)1 568 683,0
16Атайын каражаттар93 000,0

ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:1 661 683,0



ЧыгашаларСуммасы
1Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга290 543,0

  атайын каражаттар90,0
2Коргоо тармагына6 312,0
3Экономикалык маселелерге248 680,0

  атайын каражаттар650,0
4Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө580 230,0

анын ичинен атайын каражаттар3 400,0
5Эс алуу, спорт жана маданият тармагына94 596,0

анын ичинен атайын каражаттар500,0
6Билим берүүгө419 250,0

анын ичинен атайын каражаттар88 110,0
7Социалдык коргоого22 072,0

анын ичинен атайын каражаттар250,0

Жалпы чыгашалар:1 661 683,0

анын ичинен атайын каражаттар93 000,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                                                  М.А. Исаев









атк: КРнын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы

 


2022-жылга Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо
боюнча иш-чараларына каралган чыгымдар





миң сом
АталышыСуммасы
1ВИЧ Спид оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө804,0
2Пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеёилдиктерге1210,0
3Социалдык кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеёилдиктерге  (ар бир кызматкерге 3000 сомдон бир айга)900,0
4Ош шаарындагы көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бир жашка чейинки балдарына  сүт азыктарын алып берүүгө 2000,0
5Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" мыйзамынын алкагында коомдук пайдалуу иш-чараларды ишке ашырууга1000,0
6Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ар түрдүү иш-чараларын өткөрүүгө350,0
7Афган согушунун катышуучуларынын жана ардагерлеринин ар түрдүү иш-чараларын өткөрүүгө400,0
8Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюууга катышкандардын, майыптарынын ар түрдүү иш-чараларына300,0
9Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөөгө100,0

Жалпысы7064,0









Ош шаарынын биринчи вице-мэри                                                                            М.А. Исаев









атк: КРнын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)