Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында көчөттөрдү отургузуу иштери өткөрүлдү.

Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында көчөттөрдү отургузуу иштери өткөрүлдү.

16 февраль 2022, Среда
649
0

Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында көчөттөрдү отургузуу иштери өткөрүлдү. 


2022-жылдын 16-февраль күнү Бекмамат Осмонов көчөсүндө бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери өттү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаарынын мэри А.Мамбетов, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.

Ош шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин башталышын жергиликтүү шаар тургундары, аксакалдар коштоп, токсондон ашуун жашыл ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Шаарыбыздын мындан ары ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө жана шаардыктардын, жалпы эле эли-журтубуздун жашоо-шартынын жакшырышына Жараткандан тилек кылып, аксакалдар баталарын беришти.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)