Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Элге берилген убадалар аткарылууда.

Элге берилген убадалар аткарылууда.

19 февраль 2022, Суббота
706
0

Элге берилген убадалар аткарылууда.


          Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин демилгеси менен көмүр таркатылды.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин  жигердүү демилгеси менен  Кувейттин “Ас-Сафа” эл аралык кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү астында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана Ош шаарынын калкынын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында муктаж үй-бүлөлөргө 100 тонна көмүр таркатылды.


Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаев, Ош шаарынын мэриясыны өкүлдөрү, Кувейттин “Ас-Сафа” эл аралык кайрымдуулук фондунун Ош шаарындагы өкүлү Алтынбек Ташиев, жана Ош шаарындагы баардык муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана Жапалак аймактык башкармалыктын жетекси катышты.


 Ош шаарынын тургундары Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаев ар дайым эл камын ойлоп, айтылынган убадаларын аткарып келгендигин белгилешип, ыраазычылык билдиришти.

 Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаев алдынкы айларда көптөгөн жардамдар берилүүсүн убадалады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)