Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

02 март 2022, Среда
628
0

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.


2-мартта Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.Абдуллаев алып барып, күн тартибиндеги маселелерди депутаттардын кароосуна сунуштады. Күн тартибиндеги маселелер боюнча Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы А.Рысбаев эл өкүлдөрүнө Ош шаарынын аймагында эл жана турак жай фондун каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берип өттү. Жыйынтыгында Ош аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейин эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен суралып жаткан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселе сессиянын кароосуна сунушталды. 

Ошондой эле, Ош шаардык Кеңешинин №29 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе сессиянын кароосуна сунушталып, жогорудагы маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)