Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана шаарыбыздын кадырлуу коноктору!

Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана шаарыбыздын кадырлуу коноктору!

21 март 2022, Понедельник
695
0

Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана шаарыбыздын кадырлуу коноктору!


           Сиздерди улуу «Нооруз» майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!

          «Нооруз» жаңылануунун жана жаратмандыктын башаты катары, жан дүйнөнү тазарткан касиети менен биз үчүн баалуу.   

 Санжыралуу Ноорузда жаратылышта гана эмес, ар бирибиздин жүрөгүбүздө да жаңылануу болоооруна терең ишенем. 

          Себеби, бул күндү, кубаныч жана жаркын үмүттөр менен тосуп, элибизге ырыскы, жерибизге ачык асман, жаштарыбызга ыйман тилеп, ак дасторконубуз дайыма жакшылыктарга жайылышын каалайбыз. 

         “Нооруз” жаздын, ак эмгектин, жакшылыктын жарчысы катары майрамдалып, аны утурлап дыйкандарыбыз кош айдап, дан себет эмеспи. 

Жылдыз конгон Ала-Тоонун койнунда жашаган кадырлуу, көп улуттуу элибиздин коломтосуна жакшылыктын үрөөнү себилсин! 

Кылымдарды карыткан шаарыбызда дайыма жарыктыктын шооласы өчпөй, жаңы күндүн башталышы болгон «Нооруз» элибизге барчылык, токчулук алып келсин! 

                          Урматтуу шаардыктар!

        Кыргыз мамлекетибизде жана сүйүктүү шаарыбызда өсүп-өнүгүүлөр менен, бул ырыскылуу майрамды шаарыбыздагы ар тармактуу мекеме-ишканалардын жана шаар тургундарынын ийгиликтери менен тосуп жаткандыгыбыз биз үчүн кубанычтуу жана сыймыктуу!

       Бүгүн биз, аруу тилектер менен келечекке карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз. 

Алдыбызда койгон бийик максаттарга жетип, кыйынчылыктарды жеңүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ал үчүн бизге бекем эрк, келечекке болгон терең ишеним керек! 

        Андыктан, ырыскылуу эл жердеген, Кыргыз жеринин бейиштей болгон кооздугун, кайталангыс жаратылышын жана тынчтыгын сактап калууга баарыбыз биримдикте, бар күчүбүздү жумшайлы. 

        Мамлекетибиздин күчтүүлүгү, келечеги жана баалуулугу, элибиздин биримдигинде жана бир максатты көздөгөн аракетинде экендигин унутпайлы.   

        Жамандыктан, арам ойдон, терс мүнөздөн, ооруу-сыркоодон оолак кылып, Нооруздун шамалы сезимдерибизге тазалыкты, айкөлдүктү, ачык маанайды тартууласын. 

       Ак пейил тилектерибиз кабыл болуп, мамлекетибизге жана Ордолуу шаарыбызга кут уяласын! 

Элибизде бекем биримдик, сый-урмат, ынтымак күчөп, Ак сакал аталарыбыздын, даанышман апаларыбыздын баталары колдосун! 

Баарыңыздардын жүрөгүңүздөрдөн ыйман, жүзүңүздөрдөн жылмаю кетпесин!

Нооруз майрамыңыздар менен! 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)