Ош шаарындагы мектептерде «Акыркы Коңгуроо» салтанаттары өткөрүлдү.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов баштаган эл өкүлдөрү С. Мирзаев жана Д. Абдурасуловдор мектеп бүтүрүүчүлөрүн окуу жылынын жыйынтыгы менен куттукташып каалоо тилектерин билдиришти. Салтанатка Амир-Темир аймагынын жашоочулары ата-энелер жамааты мектеп окуучулары катышышып, конокторго арналган бүтүрүүчүлөрдүн өзгөчө майрамдык программасы тартууланды. «Мамлекттин келечегин жана шаарыбыздын өсүп өнүгүүсүнө салым кошууда жаштардын орду чоң. Ал үчүн терең билим алуу жана мекенчил жаштардын катарына кошулуу зарыл» деди Ж.Ормонов
Окуу жылынын ийгиликтүү жыйынтыгына ылайык мектепке баалуу белек катары ноутбук жана чыгармачыл мугалимдери Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Окуу жылынын ийгиликтүү жыйынтыгына ылайык мектепке баалуу белек катары ноутбук жана чыгармачыл мугалимдери Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
22 февраль 2019, Пятница
23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү
Пикирлер (0)