Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча жыйын болуп өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча жыйын болуп өттү

15 апрель 2022, Пятница
675
0

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”  Жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча жыйын болуп өттү

 Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын     29-январындагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча  кеңейтилген жыйын болду.  Жыйынга Ош шаардык Кенештин төрагасынын орун басары Ш.Нуранов, депутаттар, казыяттын өкүлдөрү, прокуратура, билим берүү, ички иштер, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, социалдык кызматкерлер,  ардагерлер жана аялдар кеңештери, жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт комитеттеринин жетекчилери камкордук кеңештер катышты. Аталган жыйынды шаардын вице-мэри В.Рыскулова алып барып, күн тартибинде үч маселе каралды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)