Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Чернобыль окуясынын 36 жылдыгына карата эскерүү аземи болду.

Ош шаарында Чернобыль окуясынын 36 жылдыгына карата эскерүү аземи болду.

26 апрель 2022, Вторник
803
0

             


 Бүгүн, Ош шаарында Чернобыль атом электро станциясындагы окуянын 36 жылдыгына арналган гүл коюу жана эскерүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Б.Баетов катышты. Болотбек Талайбекович өз сөзүндө Чернобыль окуясынын ардагерлеринин эрдиктерин,  Ата-Мекен чакырганда өмүрдү тобокелге салган патриоттуулуктарын, биздин жаш муундар үчүн үлгү жана тарыхый сабак болоорун белгилеп,  шаардык Кеңештин төрагасы Салман Сатыгулавичтин,  депутаттардын атынан аларга бекем ден соолук, узун өмүр каалады.  Депутаттар ар дайым, Чернобыль окуясынын катышуучуларына   моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүнү, жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн баардык жеңилдиктерди берүүнү  негизги милдети катары   эсептей тургандыгын айтып кетти. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)