Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

30 май 2019, Четверг
2 974
0
2019-жылдын 30-майында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана
өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
            Отурумга аталган комиссиянын тутумуна кирген 9 депутаттын ичинен 7 депутат катышты. Алар: Рашев Н.Т.–комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү Камчы уулу К., Абдрахманов О.Э., Алимбеков Н.К., Тажибаев Ж.Д., Турдубай уулу А., Мамбетов К.А.
            Отурумдун күн тартибине Ош шаарындагы айрым аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу, Ош шаарынын деталдык пландоо долбооруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселелер каралды. 
            Күн тартибиндеги маселелер кеңири талкуудан кийин   шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)