Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кадырлуу Улуу жеңиштин ардагерлери жана эмгек каармандары! Урматтуу шаардыктар, шаарыбыздын коноктору!

Кадырлуу Улуу жеңиштин ардагерлери жана эмгек каармандары! Урматтуу шаардыктар, шаарыбыздын коноктору!

09 май 2022, Понедельник
792
0

Кадырлуу Улуу жеңиштин ардагерлери жана эмгек каармандары!

Урматтуу шаардыктар, шаарыбыздын коноктору!


Сиздерди  Улуу жеңиш майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! 

Биз, жаркыраган ачык асманды, тынчтыкты, эркиндикти алып келүүгө өмүрүн аябай кан төгүшкөн Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, аталарыбызга, энелерибизге башыбызды ийип таазим кылабыз! 

           “Бардыгы Жеңиш үчүн!”, “Бардыгы тынчтык, келечек үчүн” деген согуш жылдарындагы сиздердин баалуу эмгегиңиздер душманга каршы атылган ок сымал биздин жоокерлерибизге дем-күч берип улуу жеңишке жеткенбиз. Сиздер талыкпаган эмгегиңиздер менен тынчтыкты, эркиндикти сактап калууга түбөлүктүү салым кошконсуздар.

 Согуштан кийин да сиздер  талкаланган өлкөнү калыбына келтирүү үчүн күн-түн дебей эмгек менен жаркын келечекти куруп, бизге зор мурас калтырдыңыздар.  Бүгүн Улуу жеңишке 77 жылдын жүзү болуп отурат. 

          Бирок, көкүрөгүндө жаркыраган орден, медалдарга толгон аталарыбыздын, апаларыбыздын катары тилекке каршы, жыл өткөн сайын  суюлуп бара жатат.            

         Ошондуктан биз ардактуу ардагерлерибиздин ар бир күнүн камкордукка алып, алардын турмушуна өзгөчө  көңүл бурууга милдеттүүбүз. Аларды  эч нерседен муктаж кылбай арабыздагы ардактуу ардагерлерибиз үчүн баарыбыз тикеден-тике көзү тирүү кезинде кам көрүп, ыйык парзыбызды аткарууга тийишпиз.

Биз, сүйүктүү Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгүп, көп улуттуу элибиз амандыкта, бактылуу турмуш кечирип жаткандыгына миң мертебе шүгүр кылып, баатырларыбызга ыраазылык билдиребиз.  

Бул улуу жеңиш, улуттар аралык ынтымактын биримдигин, ата-бабаларыбыздын эрдигин даңазалаган, мекенге берилгендиктин баалуу белгиси болуп калды.

Андыктан, тынчтыкты бузбоого, балдарыбыздын келечегине коркунуч жаратпоого, үйүбүздү, жерибизди коргоого, согуш апаатын кайра болтурбоого биз бардык күчүбүздү жумшайбыз. 

          Ылайым дүйнөдө тынчтык болуп, улуу элибиздин түндүгү дайыма көтөрүлүп турсун! 

Кыргызстаныбыздын келечеги кең болуп, кадырлуу ардагерлерибиздин, ак калпактуу аталарыбыздын, ак элечек апаларыбыздын өмүрлөрү узун, саламаттыгы бекем болсун!  Сүйүктүү мамлекетибиздин туусу дайыма бийиктикте желбиреп, ырыскылуу элибиз биримдикте, ынтымакта, амандыкта болсун!


Улуу жеңиш майрамыңыздар кут болсун!



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)