Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында 9-май Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү

Ош шаарында 9-май Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү

09 май 2022, Понедельник
689
0

Ош шаарында 9-май Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү

Бүгүн, Ош шаарында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата майрамдык азем болуп өттү. Иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жана депутаттары, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаарыбыздын тургундары катышышты.   

Улуу Жеңиштин урматына Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жалпы аталарды, энелерди даңазалап «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» аттуу жөө жүрүш өткөрүлдү. Жүрүшкө Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков баштаган Эл өкүлдөрү да катышып, сыймыктануу менен Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн Аталардын сүрөттөрүн көтөрүшүп, шаар тургундарын жеңиш майрамы менен куттукташты. «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» жөө жүрүшүнө шаар тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер, шаардагы жалпы билим берүү мекемелеринин окутуучулук курамы жана жаштардын жалпы катышуусу менен өткөрүлдү.  

Ал эми «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү, урмат сый көрсөтүү максатында гүл кою аземи өткөрүлдү. Аземдин катышуучулары курман болгон баатырларга таазим этишип, гүл чамбарларды коюшкан соң, КР гимни жаңырып, көккө карай ок атылды. Салтанаттуу иш чарадан соң ардагерлер үчүн майрамдык сый тамак тартууланып белектер тапшырылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)