Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Энелер күнү” белгиленди

Ош шаарында “Энелер күнү” белгиленди

18 май 2022, Среда
583
0

                                

       Бүгүн, Ош шаарында “Энелер күнүнө”  арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.  Майрамдык салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңештин төрагасы С. Назылбеков катышты. Төрага салтанатка катышкан энелерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, өз сөзүндө жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон энелерибизге канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылаарын, жер жүзүндө кандай гана жакшы саамалыктар жаралса, анын башаты бул энелерибиз экендигин баса белгиледи.  Ар дайым  бактыбызга энелерибиздин аман болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрүшүнө тилектештигин билдирди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)