Депутаттык комиссия Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жол тыгындарынын пайда болуусун жаратып жаткан соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты
2022-жылдын 23-майында Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №12 буйругунун негизинде, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жол тыгындарынын пайда болуусун жаратып жаткан соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.
Жеринде таанышууга депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Ш.Бакир уулу., Ш.Нуранов, Б.Баетов, М.Маматкулов, Н.Каримов жана Ош шаарынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.
Жерине чыгып таанышууда Исанов, Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө тротуарга чыгуу менен салынган соода түйүндөрү жол тыгындарынын пайда болушуна алып келип жаткандыгы, жөө жүрүүчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы аныкталды.
Жерине чыгып таанышуунун жыйынтыгында Муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына кемчиликтерди жоюу боюнча жана мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.
Депутаттык комиссия аптанын кийинки жумасында “Батыш” кичи шаарчасындагы жагдай менен таанышууну пландаштырды...
Окшош жаңылыктар:
![Депутаттык комиссия Р.Абдыкадыров, Мамажан жана Курманжан Датка көчөлөрундөгү соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугу менен жеринде таанышты.](/uploads/posts/2022-05/medium/1653040634_084a8254.jpg)
![А.Шакиров көчөсүндөгү жол тыгындарын пайда кылган коомдук тамактануу мекемелери менен таанышуу депутаттык комиссиянын жериндеги отуруму болуп өттү.](/uploads/posts/2022-05/medium/1652957358_084a8082.jpg)
![Туруктуу депутаттык комиссия жарандардын арыз-кайрылуулары менен жеринде таанышты.](/uploads/posts/2022-02/medium/1644921262_01.jpg)