Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын көчмө жыйыны болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын көчмө жыйыны болуп өттү

31 май 2022, Вторник
692
0

   Бүгүн, Ош шаардык  Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары 2022-жылдын 23-майындагы туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда   депутаттардын сунушунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен  биргеликте Ош шаарынын мэриясына караштуу көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” жана Ош шаардык клиникалык ооруканасынын Заднепровский көчөсүндөгү мурунку эски имаратын жеринен чыгып таанышып келишти. Жумушчу топтун жетекчиси, туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Баетов “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун”  жаңы дайындалган жетекчисине борбордун ишин мындан ары жандандыруу боюнча бир топ тапшырмаларды жана сунуштарды берди. Жеринен чыгууда тиешелүү жетекчилерге  депутаттар өздөрүнүн сын-сунуштарын айтышып,  мекемелер менен таанышып келишти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)