Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы 2022-жылдын 15-июнунда өтөт
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун отуруму болуп өттү. Анда шаардык Кеңештин кезектеги IX сессиясын өткөрүү маселеси жана сессиянын күн тартибинин долбоору каралды. Талкуунун жыйынтыгында Ош шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясын 2022-жылдын 15-июнунда өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Сессия Ош шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык саат 9-00дө башталат. Ошондой эле өзүнө 14 маселени камтыган сессиянын күн тартибинин долбоору жактырылды.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)