Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” күнү белгиленди.
Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” күнү белгиленди.
Бүгүн, Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков №3 М.В.Ломоносов мектебиндеги иш-чарага катышты. Төрага салтанатка катышкан бүтүрүүчүлөрдү “Акыркы коңгуроо” күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, бүтүрүүчүлөргө он бир жыл бою талыкпай терең билим берген мугалимдерге, таалим-тарбия берген ата-энелерге терең ыраазылык билдирип, келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчүлөрдүн тандаган жолу байсалдуу болушуна тилектештигин билдирип, алдыңкы мугалимдерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.
![](/uploads/posts/2022-06/medium/1654754956_0005.jpg)
![](/uploads/posts/2022-06/medium/1654754897_0002.jpg)
![](/uploads/posts/2022-06/medium/1654754894_0003.jpg)
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)