Ош мамлекеттик университетинде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Бөтөнөевдин “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары”аттуу тарыхый китебинин бет ачары болуп өттү.
2022-жылдын 17-июнунда Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөевдин “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары”(XX кылымдын 20-50-жылдары) архивдик документтердин жана материалдардын жыйынтыгынын бет ачары болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов катышып, Жолдошбек Советбековичтин тарыхый эмгегине баа берип, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)