Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди.

25 июнь 2019, Вторник
3 084
0
Бүгүн, Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилери, Ош шаарынын прокурору жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, мекеме ишканалардык жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Төрага, өз сөзүндө ардактуу кесип ээлерин жалпы депутаттардын атынан куттуктап, мамлекетибиздин өсүп өнүгүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кошкон салымдары зор, Сиздер эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөөсүздөр деп баса белгилеп өттү.
Ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын өркүндөтүүгө кошкон зор салымдары үчүн айрым кызматкерлерди Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)