Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түптөлгөндүгүнө 28 жыл жана “1-июль куткаруучулардын күнү” салтанаттуу белгиленди.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түптөлгөндүгүнө 28 жыл жана “1-июль куткаруучулардын күнү” салтанаттуу белгиленди.

01 июль 2019, Понедельник
3 151
0
Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин түптөлгөндүгүнө 28 жыл жана “1-июль куткаруучулардын күнү”  салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедов Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б Юсупов, КРнын ИИМнин өкүлдөрү, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышышты.
Төрага, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин, жалпы куткаруучуларды кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин жалпы депутаттарынын атынан куттуктады. 
Жапарбек Ормонов - мезгилге, убакыттын эрте кечине карабастан табигый кырсыктарда, кандай гана оор шартта болбосун биринчилерден болуп кол сунган мына сизсиздер, биз сиздердин жумуш ары жооптуу, ары кооптуу экендигин билебиз. Элибиз табыгый кырсыктардан оолак болсун деп каалоо тилектерин билдирип, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматы менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды    

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)