Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештеринин депутатарынын арасындагы кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү.

Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештеринин депутатарынын арасындагы кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү.

24 август 2019, Суббота
2 693
0
Турнир Каракол шаардык стадионунда  жалпы Республика боюнча 20 шаардык Кеңештеринин депутаттарынын түзүлгөн командалардын катышуусунда өтүп, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан түзүлөн команда 3- орунду ээледи. Ал эми 2-орунга Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн команда татыктуу болсо, 1-орунду Талас шаардык кеңешинин депутаттары тарабынана түзүлгөн команда багындырды. 

          Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Асанкадыровичке Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештеринин депутаттарынын арасында биримдикти, ынтымакты жана достукту чыңдоо максатында өткөрүлгөн кичи футбол боюнча турнирди жогорку деңгээлде үюштургандыгы үчүн Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун ыраазылык баракчасы жана баалуу белектери тапшырылды. 

           Биздин негизги максатыбыз болгон достук, ынтымак жана биримдигибиз мындан ары да бекемдеп, дайыма сый-урматта ийгиликтердин үстүндө бирге бололу. Алдыга койгон тилек-максатыңыздар ишке ашып, кадыр-баркыңыздар жана сый-урматыңыздар коомчулук арасында дайыма бийик болсун. Каракол шаардык Кеңешинин депутаттарына жана Сиздин жамаатка ийгиликтериди жана жакшылыктарды каалайбыз. Деп жазылат Ыраазылык баракчада 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)