Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эгемендүү Кыргызстанга 28 жыл.

Эгемендүү Кыргызстанга 28 жыл.

31 август 2019, Суббота
2 834
0
Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы белгиленди. Иш чарага КРнын биринчи вице-премьер-министри К.Боронов, КРнын Жогорку Кеңешинин вице спикери А.Касымалиева баштаган депутаттар, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, облустардан келген делегаттар, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышышты.

           Элибиздин биримдиги, ынтымагы менен өлкөбүз өсүп өнүккөн күчтүү мамлекетке айланууда. Эгемен мамлекетибиз тарыхый экономикалык жактан жаңы доорго карай бет алды. 
           Кадырлуу Ош шаарыбыз дагы кулпуруп, көп улуттан турган мейман дос элибиздин тынымсыз эмгеги менен шаарыбыз өсүп өнүгүп, зоболосу бийик шаарлардын катарына кошулуп олтурат. 
           Өлкө башчыбыз айткандай ынтымак, биримдиктен, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок деп белгилеп, өлкөбүздүн негизги майрамы болгон Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан жалпы Кыргызстандыктарды кызуу куттуктады Ж.Ормонов.  

Майрамдык иш чара Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчыларынын концерттик программалары менен коштолду. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)