Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

10 сентябрь 2019, Вторник
2 586
0

Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
2019-жылдын 10-сентябрында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. 
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Отурумдун күн тартибинде жалпы 21 маселе кирип, бардык маселелер каралып туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды. Атап айтканда, Ош шаарынын мэринин 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын каттары каралып сессиянын кароосуна сунушталды. Ал эми  Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан  Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе боюнча аталган башкармалыктын жетекчилеринин маалыматтары эске алынды. 
Ошондой эле «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы, «Ошсвет» муниципалдык ишканасы, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасы, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы жана  Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тарабынан жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пайдалануусу боюнча маалыматтары  угулду. 
Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү токтомдору кабыл алынды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)