Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “WEF 89 GLOBAL-15” турнири болуп өттү.

Ош шаарында “WEF 89 GLOBAL-15” турнири болуп өттү.

15 сентябрь 2019, Воскресенье
2 979
0
15-сентябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда “WEF 89 GLOBAL-15” турнири болуп өттү. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, КРнын ЖКнин депутаты Б.Торобаев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев, спорт клубдарынын президенттери, спортчулар жана шаардыктар катышышты.
         Спорт аркылуу биз достукту, ынтымакты, бекемдеп өзүбүздүн маданиятыбызды дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп келүүдөбүз. Мамлекетибиздин күчтүү жана бекем болуусу үчүн спортчуларыбызды ар тараптан колдоого жана дем берүүгө ар дайым даярбыз деп билдирди   Ж.Ормонов.
         Иш чарага Кыргызстан, Узбекстан, Таджикстан, Оруссия, Азербайджан, Босния, Герцегония, Сербия, Беларуссия, Украина, Словакия  мамлекеттеринен 50 гө жакын спортчулар катышышты.
Спорттук беттеш Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан “EREM” спорт клубунун колдоосу менен уюштурулган.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)