Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. 31-январда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу д

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. 31-январда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу д

31 январь 2023, Вторник
1 011
0

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

31-январда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. 

Туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган Ош шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгүн карашты. 

Отурумда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаев маалымат берди. Андан сырткары аталган маселе боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча жана салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыктарынын, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, ошондой эле Жапалак унаа базары” жана Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканаларынын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

 Жыйынтыгында, Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү жактырылып, кезектеги сессиянын кароосуна сунушталды.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)