Ош шаардык Кеңешинин РЕГЛАМЕНТИ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр.
Ош шаардык Кеңештин ишинин негиздери.
II Бөлүм Депутаттык фракциялар.
III Бөлүм Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу.
IV Бөлүм Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши. Шаардык Кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби.
V Бөлүм Шаардык Кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби.
VI Бөлүм Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. Депутаттык суроо-талап.
VII Бөлүм Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу.
VIII Бөлүм Шаардык Кеңештин аппараты.
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр
Ош шаардык Кеңештин ишинин негиздери.
1 глава. Жалпы жоболор. Регламентте колдонулуучу түшүнүктөр.
- Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, «Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды, шаардык Кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
2.Ош шаардык Кеңеши (мындан ары – шаардык Кеңеш) – мыйзамдарда белгиленген тартипте 51 депутаттан турган жана жергиликтүү коомдоштук тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
3.Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
4. Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
5.Сессиялар, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, шаардык Кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык Кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
6.Ош шаардык Кеңеши мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак болуп эсептелинет, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана доогер боло алат.
7. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение “Ошский городской Кенеш”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Ош шаардык Кеңеши” М-и.
- Расмий тилде: У-е “Ошский городской Кенеш”.
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221.
Бул Регламентте төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр колдонулат:
а) шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын базасы - шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана катталган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдордун жыйнагы;
б) компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
в) кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;
г) фракция - депутаттык фракция - бир саясий партиядан тизме боюнча шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси;
д) фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) коалициялык макулдашуунун негизинде ишин жүзөгө ашыруучу фракциялардын өз ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат;
е) көпчүлүк коалициясы - фракция же депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн ээлеген фракциялардын коалиция түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракциялар коалициясы;
ж) азчылык коалициясы - фракция же фракциянын же көпчүлүк фракциялар коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракциялар коалициясы, шаардык кеңеште азчылык болуп саналат;
з) ченемдик укуктук актынын долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
и) ченемдик укуктук акт - шаардык кеңештин компетенциясынын чегинде укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, шаардык Кеңештин чечими;
к) ченем жаратуу иш-аракети - токтомдорду даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
л) ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
м) оппозиция - фракция же көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракциялар коалициясы;
н) ыйгарым укуктар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
о) жыйындын протоколу - жыйындын жүрүүсүндө жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын, чыгып сүйлөөлөрдүн, маалымкаттардын тезистерин, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлгөн документ;
п) протоколдук чечим, тапшырма - сессиянын, Президиумдун жыйындарын алып баруусунун жүрүшүндө ал боюнча токтом кабыл алынбоочу шаардык кеңештин чечими, тапшырмасы;
р) экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-аракети.
с) добуш берүүнүн жекече карточкасы - бул ар бир маселе боюнча депутаттын жеке добуш берүүсүн камсыздоочу карточка.";
т) сессиянын, президиумдун стенограммасы - сессияларда жана президиумда баяндамалардын, сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн көрмө жазуудан алынган сөзмө сөз жазуу көчүрмөсүн билдирген документ.
Бул Регламентте колдонулуучу, бирок бул главада камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
2-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Шаардык Кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдалануунун көзөмөлүн ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик объектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алууга макулдук берүү;
е) мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берүү;
ж) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
6) шаардагы, жергиликтүү аткаруу органынын иши жөнүндө шаардын мэринин отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында шаардын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
а) жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилөө;
б) шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитүү;
8) шаардык Кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, шаардык Кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) шаардык Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
10) шаардык Кеңештин жылдык иш-планын бекитүү;
11) шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) таза суунун, канализациянын, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысын жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам Ош шаарынын мэринин ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) Ош шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү;
19) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) жергиликтүү коомдоштуктун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
22) Ош шаарында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону көзөмөлдөө, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) келишимдин негизинде шаардын өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
24) шаардык Кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) Ош шаарындагы жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
26) шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында мэрия менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
27) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
28) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну Ош шаарынын мэрине тапшыруу;
29) шаардык Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн алардын коомдук башталыштагы жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү;
31) жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин бекитүү.
3-глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
3.1. Шаардык Кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин сессиясында, шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу депутаттык фракцияларга таандык. Ар бир депутаттык фракция бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү, талапкерликке көрсөткөн депутат жөнүндө төрагалык кылуучуга билдирүү аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 2 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.5. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин убакыт берилет.
3.6. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып коё алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин билдирип, өзүнүн талапкерлигин алып коюуга укуктуу. Бул маселе добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
– бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.9. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо шаардык Кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Шаардык Кеңештин төрагасы:
4.1.1. шаардык Кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
4.1.2. шаардык Кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
4.1.3. шаардык Кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып, шаардык Кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4. шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
4.1.5. шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6. шаардык Кеңештин токтомдоруна кол коёт жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөлдөөнү уюштурат;
4.1.7. шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.1.8. шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
4.1.9. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.10. шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иштеринин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
4.1.11. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык Кеңештин атынан чыгат;
4.1.12. шаардык Кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрөт;
4.1.13. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, ал шаардык Кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5-глава. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары
5.1. Шаардык Кеңештин төрагасынын эки орун басары болот, алардын бири туруктуу негизде эмгек акы алып иштейт, экинчиси ишин коомдук башталышта алып барат.
Шаардык Кеңештин төрагасынын эмгек акы алып иштеген орун басары, шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө, төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча, шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
5.2. шаардык Кеңештин төрагасынын эмгек акы алып иштеген орун басары:
5.2.1. шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
5.2.2. шаардык Кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда шаардык Кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча шаардык Кеңештин сессияларын алып барат;
5.2.3. шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
5.2.4. шаардык Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат;
5.2.5. шаарда жайгашкан жергиликтүү коомдоштук жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
5.2.6. шаардык Кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.2.7. шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен биргеликте шаардык Кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат;
5.2.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
5.3. шаардык Кеңештин төрагасынын коомдук башталышта иштеген орун басары ачык добуш берүү менен шайланат.
53.1. коомдук башталышта иштеген орун басар, төрага жана анын эмгек акы алып иштеген орун басары жок болгон учурда алардын милдеттерин аткарат.
6-глава. Ош шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушат.
6.2. Өз каалоолору боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
6.3. Өз каалоолору боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү аркылуу шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык Кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен шаардык Кеңештин төрагасы, төраганын орун басарлары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Шаардык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.5. Шаардык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Шаардык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6.6. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, шаардык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Ош шаардык Кенешинин Президиуму
7.1 Шаардык Кеңештин Президиуму (мындан ары президиум) сессиялар арасында кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн түзүлөт жана анын чечимдери сунуш мүнөзүнө ээ.
7.2. Президиумдун курамы шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
7.3. Президиумдун курамына шаардык Кеңештин төрагасы, төраганын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, фракциялардын лидерлери жана коалиция башчылары кирет.
7.4. Президиум:
7.4.1.шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун сунуштайт.
7.4.2.шаардык Кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларын чакыруу маселелерин чечет.
7.5.Президиумдун чечими протокол менен жол жоболоштурулат.
7.6.Президиумдун чечимдери сессияда жокко чыгарылуусу мүмкүн.
8-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары
8.1. Шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын-ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын көзөмөлдөө үчүн шаардык Кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
8.2. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө шаардык Кеңештин токтому менен түзүлөт.
8.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
8.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы 9 дан көп болбоого тийиш.
8.5. Шаардык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
8.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын эмгек акы алып иштеген орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
8.7. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары шаардык Кеңештин сессияларында бекитилет.
8.8. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
8.9. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык Кеңешке отчет беришет.
8.10. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
Шаардык Кеңештин депутаттарынын санын эске алуу менен шаардык Кеңеште төмөндөгү жана башка маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
- бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
- архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
- мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
- социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
- транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
9-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
9.1.1. иш-планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды шаардык Кеңештин кароосуна киргизет;
9.1.2. кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш-планын иштеп чыгат;
9.1.3. шаардык Кеңештин кароосуна шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
9.1.4. шаардын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды Кеңешке сунуш кылат;
9.1.5. шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
9.1.6. өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
9.1.7. шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, шаардык коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
9.1.8. каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту шаардык Кеңештин төрагасына киргизет;
9.1.9. башка комиссиялар карап жаткан маселелер боюнча пикирин билдирет;
9.1.10. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
9.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
9.2.1. өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
9.2.2. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
9.2.3. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илимпоздорду тартуу укугу менен шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
9.2.4. туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн мыйзамда белгиленген мөөнөттөн аларды туруктуу комиссияларга берүүгө;
9.2.5. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаардык Кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
9.2.6. башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
9.3. шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары шаардын аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
10-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
10.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык жана кароосу зарыл болгон маселелер боюнча чакырылат.
10.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
10.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссиялардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
10.4. Эгерде, мыйзамдарга ылайык, каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
10.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык Кеңештин төрагасына жана анын орун басарларына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамдарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды көрөт.
10.6. Жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, кворум болду деп эсептелет. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда туруктуу комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
10.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөсүнүн, шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат, жыйынды өткөрүү чечими туруктуу депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын, аткаруу органынын тиешелүү кызматкерлеринин катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
10.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коёт, ал жокто анын орун басары кол коёт. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
10.10 Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кеңсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
11-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
11.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
11.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
11.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
11.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
12-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
12.1. Комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же аппарат жетекчи аркылуу маалымдайт;
12.2. Комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте бир жылга туруктуу комиссиянын иш-планын түзөт;
12.3. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен биргеликте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
12.4. Комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
12.5. Комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
12.6. Убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
12.7. Аппарат жетекчинин жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
12.8. Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
12.9. Шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу сессияга маалымдайт;
12.10. Шаардык Кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу шаардык Кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
12.11. Жыл сайын шаардык Кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.
13-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
13.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
13.1.1. туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
13.1.2. комиссиянын иш-планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
13.1.3. комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
13.1.4. комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
13.1.5. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
13.1.6. комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
13.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
13.2.1. ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
13.2.2. өзү мүчө болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
13.2.3. шаардык Кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышууга;
13.2.4. комиссия кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
13.3. Комиссия тарабынан каралган бардык маселелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
13.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маселелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
13.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе шаардык Кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.
14-глава. Убактылуу комиссия
14.1. шаардык Кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укуктуу.
14.2. Убактылуу комиссиялар шаардык Кеңешинин төрагасынын, анын орун басарларынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле шаардык Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
14.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
14.3.1. убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
14.3.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
14.4. Убактылуу комиссияны түзүү шаардык Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
14.4.1. убактылуу комиссиянын аталышы;
14.4.2. убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
14.4.3. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
14.4.4. убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
14.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
14.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
14.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия шаардык Кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны шаардык Кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
14.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
14.8.1. өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
14.8.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
13.8.3. шаардык Кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
13.9. Зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар болгон адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
14.10. Каралып жаткан маселелер боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат. Жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин сессиясында маалымат берет.
14.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14.12. Шаардык Кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кеңсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
II БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
15-глава. Депутаттык фракциялар
15.1. Депутаттык фракция (мындан ары – фракция) - тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган шаардык Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.
Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.
15.2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жана фракциянын башка жетекчилери жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
15.3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат, мандат алган учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
15.4. Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
15.5.Фракция ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
15.6. Фракция алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн шаардык Кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу. Фракция кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү үчүн милдеттүү чечим кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте, өз мүчөлөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
15.7. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
15.8.Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
15.8.1. шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
15.8.2. шаардык Кеңеш өзүн-өзү таратканда.
16-глава. Фракциялардын жетекчилиги
16.1.Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
16.2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
16.2.1. шаардык Кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
16.2.2. фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
16.2.3. фракциянын чечимдерине кол коёт;
16.2.4. ички фракциялык тартипти көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат жана фракциянын ичинде конфликттерди болтурбоого милдеттүү;
16.2.5. фракциянын чечими боюнча шаардык Кеңештин түзүмдөрүнө (комиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;
16.2.6. фракциянын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
16.2.7. фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
16.2.8. фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт;
16.2.9. шаардык Кеңештин жетекчилиги жана шаардын өз алдынча башкаруу органдары менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Фракциянын жетекчилиги чечим кабыл алуу процессинде башка фракциялар менен байланышта болуусу тийиш;
16.2.10. эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
16.2.11. шаардык Кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле шаардык Кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
16.2.12. ушул Регламентте жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16.2.13. Коалициянын, фракциянын лидерлери төраганын, төраганын орун басарларынын жана туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларынын кызмат орундарын бир учурда ээлей албайт.
17-глава. Фракциялардын укуктары
Фракция төмөнкүдөй укуктарга ээ:
17.1. шаардык Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
17.2. башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
17.3. Төрагага шаардык Кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
17.4.фракциянын өкүлү фракциянын атынан билдирүүлөрдү, баяндамаларды, кошумча баяндамаларды, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө;
17.5. башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
17.6. шаардык Кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
17.7 шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
17.8. айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
17.9. шаардык Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
17.10 фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
17.11. фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;
17.12. өзүнүн өкүлүн туруктуу жана убактылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордунан чакыртып алууга;
17.13. шаар ичиндеги түрдүү багыттагы ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын маалыматтарын угуу боюнча жыйындарды уюштурууга;
17.14. шаардык Кеңештин түрдүү масштабдагы жыйындарында каралып жаткан маселе боюнча фракция өз пикирин билдирүү үчүн 5 минутага чейин убакыт бирдигин пайдаланууга;
17.15. Кыргыз Республикасынын жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17.16.Фракциялардын мыйзамда жана ушул Регламентте кепилденген укуктары көпчүлүк фракциялары тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.
18-глава. Фракциялардын коалициясы жана анын укуктары
18.1. Фракциялардын коалициясы (мындан ары – коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун жана фракциялардын жоболорунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
18.2. Фракциялар көпчүлүктүн коалициясына же азчылык фракциялардын коалициясына биригүүгө укуктуу.
18.3. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагылдырылышы мүмкүн:
18.3.1. коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий көз караштар;
18.3.2. коалициянын саясий багытталгандыгы;
18.3.3. коалициянын иш принциптери;
18.3.4. коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
18.3.5. коалициянын ишин токтотуу шарттары.
Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.
18.4. Коалициянын атынан, эгерде бул коалициялык макулдашууда аныкталса, коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же болбосо коалициянын жетекчиси чыгат.
18.5. Шаардык Кеңештин сессиясында уюшулганын жарыялаган учурдан тартып, коалиция расмий статуска ээ болот.
18.6. Төмөнкү учурдан тартып коалиция өз ишин токтотот:
18.6.1. фракция же фракциялар өзүн андан чыкканын жарыялагандыгынын натыйжасында же коалициялык көпчүлүктүн статусу жоюлганда;
18.6.2. коалициянын жетекчиси же ыйгарым укуктуу өкүлү коалициянын таратылышы жөнүндө расмий жарыялаганда.
19-глава. Шаардык Кеңештеги көпчүлүк жана азчылык фракциялары
19.1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы шаардык Кеңеште көпчүлүк болуп эсептелет.
19.2. Көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык Кеңештеги азчылыкты түзөт.
19.3. Шаардык Кеңештеги азчылыктын фракциясы же фракциялары өзүн оппозиция катары жарыялоого укуктуу.
20-глава. Шаардык Кеңештеги оппозиция (азчылык фракциясы)
20.1. Шаардык Кеңештеги азчылыкты түзгөн жана шаардык Кеңештин жыйналышында өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция, фракциялар же алардын коалициясы шаардык Кеңештеги оппозиция болуп саналат.
20.2. Фракция, фракциялар же алардын коалициясы шаардык Кеңештин жыйналышында оппозиция статусунан баш тартканы тууралуу же шаардык Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясынын курамына киргени жөнүндө расмий жарыялаган учурдан тартып, шаардык Кеңештеги оппозиция статусун жоготот.
21-глава. Шаардык Кеңештеги оппозициялык (азчылык) фракциянын укуктары
21.1. Шаардык Кеңештин оппозициялык фракциясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
21.1.1. Фракциялардын тең укуктуулугун камсыздоо менен төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер болууга жана шайланууга;
21.1.2. мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө.
21.2. Шаардык Кеңештеги оппозициянын ушул беренеде кепилденген укуктарын чектөөгө жол берилбейт.
III БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
22-глава. Шаардык Кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
22.1. Жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы тарабынан, шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
22.1.2 Биринчи сессияны даярдоону шаардык Кеңештин аппараты жүргүзөт.
22.2. Шаардык Кеңештин аппараты (мындан ары – Аппарат), аппарат жетекчи биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутаттарга төмөнкүлөрдү жиберет:
22.2.1. жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
22.2.2. аппараттын кызматкерлеринин, аппарат жетекчисинин байланыш телефондорун;
22.3. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын шаардык Кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, Кеңештин төрагасы шайланганга чейин сессияны алып барат.
22.4. Шаардык Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
22.5. Төрагалык кылуучу шаардык Кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
22.6. Шаардык Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат.
22.7. Жаңы чакырылыштагы шаардык Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:
22.7.1. Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
22.7.2. Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;
22.7.3. Шаардык Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
22.8. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
23-глава. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
23.1. Шаардык Кеңеш, анын туруктуу комиссиялары жана фракциялары иш пландарын бир жылга түзөт. Шаардык Кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
23.2. Шаардык Кеңештин иш-планы шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иш-пландарынын негизинде шаардык Кеңештин төрагасынын, анын орун басарларынын, фракциялардын лидерлеринин сунуштарын эске алуу менен түзүлөт жана сессияда бекитилет. Сессияда бекитилген иш-планга өзгөртүү киргизүү боюнча чечим сессияда кабыл алынат.
23.3. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иш-пландары туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн сунуштары менен түзүлөт.
23.4. Иш-планга бир жылдын аралыгында шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жана фракциялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
23.5. Шаардык Кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна, алардын иш-планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүгө чектөө койбойт.
23.6. Шаардык Кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш-пландары, ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн шаардык Кеңештин расмий сайтына, маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
24-глава. Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
24.1. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алууда негизги орган болуп саналат.
24.2. Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
24.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 30 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 30 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет. Сессия болбой калды деген учурда маселелерди кароо үчүн сессия башка күнгө чакыртылышы мүмкүн.
24.4. Ош шаардык Кеңешинин сессиясын шаардык Кеңештин төрагасы чакырат:
24.4.1. өзүнүн демилгеси боюнча;
24.4.2. шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
24.4.3. мэрдин сунушу боюнча;
24.5. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык Кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз сессиялар зарылчылыкка жараша тез арада чечилүүгө тийиш маселелерди кароо үчүн чакырылат.
24.6. Шаардык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга мэр, анын орун басарлары, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу. Шаардык Кеңештин ишинин максималдуу түрдө ачык-айкындуулугун камсыздоо жана атуулдардын маселелерди талкуулоо жана чечимдери кабыл алуу процесси менен реалдуулук режиминде тааныштуруу максатында, сессиялардын жүрүшү массалык-маалымат каражаттары жана интернет аркылуу милдеттүү түрдө трансляция болуп турушу керек.
24.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык Кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн. Жабык түрүндөгү сессия алдын ала расмий түрдө кабарланууга тийиш жана катышуучулар каралган маселелер боюнча купуялуулукту сактоосу милдеттүү.
24.8. Шаардык Кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, жалпы жашоочуларга сайт аркылуу маалымдалат.
24.9. Шаардык Кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депутаттарды каттоону аппарат жетекчи уюштурат, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депутаттарды каттоо журналы аппарат жетекчиде сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
24.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган оору, иш сапары жана башка себептер шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат шаардык Кеңештин төрагасына шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
24.11. Шаардык Кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык жүйөөсүз себептер менен катышпай калган депутаттарга карата шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу шаардык Кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
25-глава. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
25.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же шаар мэринин, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
25.2. Шаардын мэринин, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө шаардык Кеңештин төрагасына берилет.
25.3. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана шаардык Кеңештин депутаттарына жөнөтүлөт.
25.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
25.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 2 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
25.6. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 2 календардык күндөн кечиктирилбестен, шаардын жашоочуларына маалымдалат.
25.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда шаардык Кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
25.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга 1 күн мурда же кезексиз сессия өткөрүлөөр алдында таркатылат.
25.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга, бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөөр алдында таркатылат.
26-глава. Сессиянын күн тартиби
26.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык Кеңештин иш-планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, мэрдин сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы тарабынан 7 күн мурда жана Кеңештин кезексиз сессиясына чейин 3 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
26.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
26.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга (электрондук түрдө) жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн шаардык Кеңештин официалдуу сайтына жарыяланат.
26.4. Сессияда күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
26.5. Сессияда күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
26.6. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
26.7. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарабынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
26.8. Шаардык Кеңештин сессиясында кошумча материалдар шаардык Кеңештин төрагасынын макулдугу болгондо гана таркатылат.
27-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
27.1. Шаардык Кеңештин сессиясын төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу шаардык Кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто шаардык Кеңештин төрагасынын туруктуу негизде иштеген орун басары алып барат. Ар бир сессияда, сессиянын ишин протоколдоштуруу үчүн сессияга катышкан депутаттардын ичинен секретариат шайланат. Секретариаттын саны жана курамы депутаттардын сунушу боюнча, сессияга катышкан депутаттардын жарымынын көбүнүн добушу менен бекитилет. Секретариатка, токтомдорду кол көтөрүп добуш берип кабыл алууда, добуштарды эсептөө милдети да жүктөлүшү мүмкүн.
27.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
27.2.1. сессияны алып барууга;
27.2.2. маселелерди талкуулоого катышууга;
27.2.3. депутаттарга жана кызмат адамдарына маалымат алуу үчүн кайрылууга;
27.2.4. эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
27.2.5. чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
27.2.6. сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
27.2.7. ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
27.2.8. залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
27.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
27.3.1. ушул Регламентти сактоого жана аны сессияга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
27.3.2. чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
27.3.3. сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
27.3.4. сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
27.3.5. келип түшкөн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
27.3.6. депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле сессияны алып баруу боюнча сын-пикирлер, шаардык Кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
27.3.7. сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, шаардык Кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
27.3.8. сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
27.3.9. сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
27.3.10. эгерде шаардык Кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамачы болсо же аны шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени шаардык Кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну тийиштүү орун басарына берүүгө.
28-глава. Шаардык Кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
28.1. шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
28.1.1. шаардык Кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
28.1.2. шаардык Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
28.1.3. шаардык Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
28.1.4. токтомдордун долбоорлорун, шаардык Кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
28.1.5. шаардык Кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы боюнча пикирин билдирүүгө;
28.1.6. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
28.1.7. шаардык Кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле шаардык Кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
28.1.8. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
28.1.9. шаардык Кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында шаардык Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын тексттерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
28.1.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
28.2. Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
28.2.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
28.2.2. регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
28.2.3. жазылуу аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
28.2.4. сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
28.2.5. жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
28.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
28.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
28.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
28.4. Шаардык Кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
28.5. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
28.5.1. өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарларын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
28.5.2. шаардык Кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
28.5.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө сунуш берүүгө.
28.6. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар шаардык Кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар шаардык Кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди мыйзамда каралган мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
28.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын суроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мезгил-мезгили менен маалымдалат.
29-глава. Депутаттык этика
29.1. Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары-кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
29.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын Кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн жана коомчулукка гана ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.
29.3. Шаардык Кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан ары талкуулоодон жана добуш берүүдөн өз алдынча четтөөгө тийиш.
29.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда, караштуулугунда регламент маселелери болгон туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык Кеңештин кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.
29.5. Сессияларда, жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
30-глава. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
30.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен шаардык Кеңештин сессиясын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
30.1.1. эскертүү;
30.1.2. сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
30.2. Ушул главанын жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы менен кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип бузуулар болсо, ага карата ушул главанын 30.1.2. бөлүгүндө каралган чара көрүү колдонулат.
30.3. Депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.
30.4. Депутатка жана шаардык Кеңештин сессияларына катышкандарга карата колдонулунган чаралар сессиянын протоколунда белгиленет.
30.5. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиянын төрагасынын, аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде шаардык Кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиянын жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ар бир сессия сайын чыгарат.
Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча туруктуу комиссия жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин төрагага берет.
30.6. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагаларынын шаардык Кеңештин сессияларына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул главанын 30.1. бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.
30.7. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиянын мүчөлөрү фракциялардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
31-глава. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынашаардык Кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
31.1. Шаардын мэри, анын орун басарлары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар шаардык Кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
31.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана туруктуу депутаттык комиссиянын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, аппарат жетекчи атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
31.3. Шаардык Кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) аппарат жетекчи тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
31.4. Шаардык Кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралуу тааныштырылат.
31.5. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан шаардык Кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
31.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир муниципалдык аймактык башкармалыктан, бир кварталдан, бир көчөдөн, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
32-глава. Депутаттын жана шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы
32.1. Өз ишинде шаардык Кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, шаардык Кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Шаардык Кеңештин депутаты мандатын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланышпаган максаттарга пайдалана албайт.
32.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
32.2.1. саясий максаттар жана жеке пайда табуу үчүн шаардык Кеңештин конфиденциалдуу маалыматтарын колдонууга;
32.2.2. шаардык Кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
32.2.3. өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
32.2.4. шаардык Кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
32.2.5. депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке, юридикалык жактардан белек, акча каражаты, аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга;
32.3. Депутаттар, шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
32.4. Ушул жоболор бузулган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
32.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
32.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар шаардык Кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
32.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдеттүү.
32.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
32.9. Шаардык Кеңештин сессиясына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, шаардык Кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар шаардык Кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
33-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
33.1. Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
33.2. Шаардык Кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
33.2.1. Шаардык Кеңештин токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акт. Шаардык Кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.
33.2.2. Шаардык Кеңештин буйругу – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Шаардык Кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка ченем каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
33.2.3. Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык Кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Шаардык Кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка ченем каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
33.3. Шаардык Кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
33.4. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомдору шаардын аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
33.5. Шаардык Кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү Ош шаардык Кеңешинин официалдуу сайтына жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
33.6. Шаардык Кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн шаардык Кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алат.
34-глава.Шаардык Кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби
Шаардык Кеңештин токтомунун түзүмдүк элементтерин, текстин жол-жоболоштуруунун, шаардык Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
35-глава. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
35.1. Шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
35.1.1. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, аппарат жетекчи даярдоону камсыздаган токтомдун долбоору;
35.1.2. токтомдун долбооруна зарылчылыгына жараша маалымкат-негиздеме (маалымат);
35.1.3. салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
35.1.4. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
35.1.5. токтомдун долбоорун аткаруу органынын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
35.1.6. экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик жана юридикалык корутундулар.
35.1.7. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан шаардык Кеңештин сессиясына киргизилген маселелерге жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды тиркөө менен токтомдун мамлекеттик жана расмий тилдердеги долбоору жана анын тиркемелери.
35.2. Шаардык Кеңештин токтому мамлекеттик, ал эми зарыл болгон учурларда расмий тилдерде да киргизилет жана кабыл алынат.
35.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
35.4. шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
35.4.1. беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
35.4.2. «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
35.4.3. төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет.
35.4.4. андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
35.4.5. андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
35.4.6. токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына же органга көзөмөл жүктөлөт;
35.4.7. токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
35.5. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:
35.5.1. ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
35.5.2. кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
35.5.3. эгер өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
35.5.4. мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
35.5.5. эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
35.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору мэриянын, шаардык Кеңештин официалдуу маалымат сайттарына жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
35.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат. Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
35.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
35.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
35.10. Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
36-глава. Шаардык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
36.1. Шаардык Кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
36.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
36.3. Шаардык Кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
36.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
36.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
36.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коёт. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
36.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
36.8. Шаардык Кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канааттанышпаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
36.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
36.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча шаардык Кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
36.10.1. негизги баяндамачынын баяндамасы;
36.10.2. ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
36.10.3. 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
36.10.4. баяндамачынын корутунду сөзү;
36.10.5. токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
36.10.6. токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
37-глава. Шаардык Кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
37.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
37.1.1. сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
37.1.2. добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
37.1.3. чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
37.1.4. кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
37.1.5. кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
37.1.6. талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
37.1.7. маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
37.1.8. чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
37.1.9. күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
37.1.10. сессияда маселелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;
37.1.11. добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
37.1.12. маселени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
37.1.13. маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
37.1.14. күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
37.1.15. чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;
37.1.16. суроо-жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;
37.1.17. каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
37.1.18. чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
37.1.19. күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;
37.1.20. добуштарды кайра саноо жөнүндө;
37.1.21. жол-жобого кирген башка маселелер.
37.2. Жол-жобо маселелери боюнча шаардык Кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
38-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
38.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
38.1.1. баяндама – 10 мүнөткө чейин;
38.1.2. баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн – 5 мүнөткө чейин;
38.1.3. күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;
38.1.4. талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн – 2 мүнөткө чейин;
38.1.5. шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн – 5 мүнөткө чейин;
38.1.6. талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
38.1.7. добуш берүүнүн жүйөөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 1 мүнөткө чейин;
38.1.8. жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 1 мүнөткө чейин;
38.1.9. сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн – 3 мүнөткө чейин;
38.1.10. суроо берүү үчүн 3 мүнөт, кайталап сүйлөөгө жол берилбейт.
38.1.11. Пленардык жыйындын жүрүшүндө тигил же бул маселе боюнча депутаттардын суроолорду, сунуштарды берүүсүнө чек коюлбайт.
38.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
38.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.
38.4. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
38.5. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
38.6. Шаардын мэри жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
38.7. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
38.8. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат. Шаардык Кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар кандай маселелерге» 2 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
38.9. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
38.10. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
38.11. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого же аны белгилүү бир убакка же күнгө которууга укуктуу.
(Чыгып сүйлөөчүлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы шаардык Кеңештин депутаттарынын каалоолору боюнча аныкталат).
39-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
39.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок шаардык Кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
39.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
39.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коёт.
39.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
40-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
40.1. Шаардык Кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
40.1.1. шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
40.1.2. шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
40.1.3. шаардык Кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.
40.2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, шаардык Кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат. Кээ бир өзгөчө кырдаал түзүлүп, сессияга депутаттар чогула албай турган учурда, ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер боюнча бардык фракциялардын макулдугу менен сурамжылоо жолу менен токтом кабыл алынышы мүмкүн. Мындай учурда, ар бир депутат карала турган маселе боюнча даярдалган токтомдун тексти менен таанышып чыгып, анын акыркы барагынын артына өз позициясын билдирип, колун коёт. Депутаттардын жалпы санынын көбү «макул» деп кол койсо, токтом кабыл алынды деп эсептелет. Мындай жол менен кабыл алынган токтом, шаардык Кеңештин кезексиз сессиясында кабыл алынды деп эсептелет жана ага катардагы номер коюлат. Бул ченем, токтомду кабыл алуу үчүн депутаттардын үчтөн экисинин кем эмес добушун талап кылган маселелерге таркатылбайт. Ош шаарынын бюджетинен каржылоону ишке ашырууну талап кылган токтомдорду, алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кароого жана кабыл алууга мүмкүн эмес.
40.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
40.3.1. шаардык Кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
40.3.2. шаардык Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча шаардык Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
40.3.3. шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү.
40.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
41-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
41.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
41.1.1. шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны;
41.1.2. жыйынга катышкандардын саны, каттоодон өткөн шаардык Кеңештин депутаттарынын саны.
41.2. Шаардык Кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү шаардык Кеңештин депутаттарынын компьютердик ыкма менен же ал жок болгон учурларда кол көтөрүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
41.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
41.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
41.5. Шаардык Кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
41.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде шаардык Кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “Макул” же “Каршы” добуш берүү менен бир добушка ээ.
41.7. Добуш берүү учурунда жок болгон шаардык Кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
41.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
42-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү
42.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“Макул”, “Каршы”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
42.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
42.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
42.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) шаардык Кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
42.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“Макул”, “Каршы”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин көзөмөлдөө жокко чыгарылат.
42.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
42.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.
43-глава. Эсептөө комиссиясынын иши
43.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн шаардык Кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
43.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан эске алынат.
43.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер шаардык Кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан даярдалат, алардын саны шаардык Кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “Макул”, “Каршы” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
43.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
43.5. Добуш берээр алдында эсептөө комиссиясы шаардык Кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
43.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
43.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
43.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
43.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
43.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
44-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
44.1. Шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси менен бирдикте шаардык Кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
44.2. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
44.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
44.4. Шаардык Кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн шаардык Кеңештин расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш:
44.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик же аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
44.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
44.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес мөөнөттө күчүнө кирет.
44.8. Шаардык Кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен шаардык Кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу аппарат жетекчи камсыздайт:
44.8.1. актынын түрүн көрсөтүү;
44.8.2. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
44.8.3. кабыл алынган жери жана датасы;
44.8.4. каттоо номери.
44.9. Расмий жарыяланган күнү шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
44.10. Ош шаардык Кеңешинин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн шаардык басылмаларга же шаардык Кеңештин веб-сайтына жана шаардагы маалымат тактайчаларына жарыяланат.
45-глава. Шаардык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
45.1. Шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
45.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон аппарат жетекчи тарабынан камсыздалат.
45.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
45.3.1. шаардык Кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; шаардык Кеңештин чакырылган жылы, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, секретариат, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
45.3.2. негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
45.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
45.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 10 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага шаардык Кеңештин төрагасы, секретариат, аппарат жетекчи жана протокол түзгөн кызматкер тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 7 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана протоколдоштурган кызматкер тарабынан кол коюлат.
45.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык болууга тийиш. Аппарат жетекчи шаардык Кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет.
45.7. Шаардык Кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар шаардык Кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
45.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары (стенограмма) аппарат жетекчиде сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
45.9. Шаардык Кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
46-глава. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
46.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:
46.1.1. жалпысынан токтомдун же анын пункттарынын аткарылышынын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;
46.1.2. токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, мэриянын актыларынын шаардык Кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;
46.1.3. аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.
46.2. Шаардык Кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
46.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, шаардык Кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
46.3.1. аткарылган катары токтомду көзөмөлдөн алып коюу;
46.3.2. аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын көзөмөлдөн алып коюу;
46.3.3. ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
46.3.4. башка кызмат адамына же органга көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүктөө;
46.3.5. токтомду жокко чыгаруу;
46.3.6. токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
46.3.7. кошумча токтомду кабыл алуу.
46.4. Көзөмөлдөө боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн көзөмөл жүктөлгөн кызмат адамына же органга шаардык Кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
V БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
47-глава. Шаардык бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
47.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында, шаардык Кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, бюджет боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү шаардын мэрине тапшырууга укуктуу.
47.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, шаардык Кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
47.3. Шаардык Кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
47.4. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
47.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен шаардык Кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
47.6. Шаардык Кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
47.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү мэриянын же шаардык Кеңештин веб-сайттарына жайгаштырылат.
48-глава. Шаардык Кеңештин жарандардын мыйзам чыгаруу демилгесин кароосу
48.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамааттардын (коомдоштуктун) Уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
48.2. Жергиликтүү жамааттар (коомдоштук) тарабынан шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
48.3. Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык Кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
48.4. Жергиликтүү жамааттар (коомдоштук) тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган шаардык Кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү жамааттын (коомдоштуктун) мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
49-глава. Ош шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү
49.1. Ош шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен өткөрүлөт.
49.2. Ош шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
49.3. Ош шаарынын мэрине ишенбестик билдирүү жөнүндөгү шаардык Кеңештин токтомунун долбоорунда анын ишмердүүлүгү терең талданып, документтер менен тастыкталган кемчиликтери, укук бузуулары көрсөтүлүүгө тийиш.
49.4. Ош шаарынын мэрине, анын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана укук бузуулар тууралуу сессияда маселе карала тургандыгы бир жума мурда кабарланууга тийиш.
50-глава. Шаардык Кеңеш тарабынан көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
50.1. Ош шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү өз ишинде шаардык Кеңештин алдында отчет берет жана көзөмөлүндө болот.
50.2. Шаардык Кеңештин көзөмөлдүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, бул Регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
50.3. Шаардык Кеңештин көзөмөлдүк ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар эсептелет.
50.4. Көзөмөлдүк иши төмөнкү формада жүзөгө ашырылат: шаардык Кеңештин сессиясында отчетторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү; маалыматтарды угуу.
50.5. Көзөмөл жүргүзүү шаардык Кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
50.6. Көзөмөлдүк иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартип бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтоо болгон учурларда, баяндама каттын негизинде шаардык Кеңештин төрагасы комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат. Көзөмөл жүргүзүү көзөмөлдөнүп жаткан субъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.
50.7. Жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат даярдалат, ал шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тиешелүү туруктуу комиссияда, фракцияда, зарыл болгон учурда сессияда каралат.
50.8. Текшерилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар, жумушчу же туруктуу комиссиялардын чечимдери, маселе сессияда каралган учурда шаардык Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулуп, аткаруу бийлигине жөнөтүлөт.
51-глава. Шаардык Кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
51.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
51.2. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
51.3. Шаардык Кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
51.4. Шаардын аймактык кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун шаардык бөлүмдөрүнүн, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
51.5. Шаарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча шаардын мэриясы, консультацияларды өткөрөт жана шаардык Кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
51.6. Шаардык Кеңештин сессиясы Ош шаарынын мэриясына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
52–глава. Шаардык Кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
52.1. Шаардык Кеңеш, шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
52.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
52.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке макулдашуу жолу менен тарта алат.
VI БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ. ДЕПУТАТТЫК СУРОО-ТАЛАП
53–глава. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
53.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
53.2. Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия жолугушуу өткөрүүгө атайын жайларды бөлүп берет.
53.3. Шаардык Кеңеш, анын Аппараты, сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
53.3.1. шайлоочуларды кабыл алуу;
53.3.2. арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
53.3.3. шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
53.3.4. шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, Ош шаарынын мэриясына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
53.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, аппарат жетекчи жыл сайын шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу шаардык Кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
53.5. Фракциялар шайлоочулар менен иштөө боюнча өздөрүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча шаардык Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:
53.5.1. фракциялардын даректерине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, объективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары менен өз ара аракеттенүү;
53.5.2. фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуу;
53.5.3. депутаттардын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутаттарга көмөк көрсөтүү;
53.5.4. фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
53.5.5. жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;
53.5.6. фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;
53.5.7. жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана шаардык Кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо.
54-глава. Депутаттык суроо-талап
54.1. Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
54.2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.
54.3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
54.4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы 14 күндө жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.
54.5. Депутаттардын жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата шаардык Кеңештин сессиясынын учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат жана аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат.
VII БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН АЙКЫНДУУЛУГУ
55-глава. Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
55.1. Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, шаардык Кеңештеги маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү шаардык Кеңештин ишине коюлган принциптүү талап болуп эсептелет.
55.2. Шаардык Кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле шаардык Кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
55.3. Шаардык Кеңештин сессияларын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
56-глава. Шаардык Кеңештин веб-сайты
56.1. Ош шаардык Кеңешинин ишин санариптештирүү жана маалыматты кагаз түрүндө алмашууну минимумга түшүрүү жөнүндөгү талапка ылайык, шаардык Кеңештин веб-сайты иштейт.
56.2. Шаардык Кеңештин сайтында, Кеңештин бекитилген иш пландары, кабыл алынып жаткан чечимдеринин долбоорлору жана кабыл алган токтомдору, аткарылып жаткан иштери жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды камтыган “Шаардык Кеңештин түзүмү”, “Фракциялар”, “Туруктуу комиссиялар, “Ченем чыгаруу иши”, “Коомчулук менен байланыш” жана башка бөлүмдөр болот.
56.3. Маалыматтык материалдарды сайтка жайгаштырууну аппараттын кызматкерлери, аппарат жетекчи менен биргеликте жүргүзүшөт, көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын эмгек акы алып иштеген орун басары жүзөгө ашырат.
VIII БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
57-глава. Шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси
57.1. Шаардык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси камсыз кылат.
57.2. Аппараттын жетекчиси шаардык Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана шаардык Кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Шаардык Кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
57.3. Аппараттын жетекчиси шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
57.3.1. шаардык Кеңештин токтомдорун каттоону камсыздайт (каттоо журналында);
57.3.2. шаардык Кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алууну жана каттоону, шаардык Кенештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берүүнү уюштурат;
57.3.3. шаардык Кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде шаардык Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
57.3.4. шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш-пландарынын долбоорун иштеп чыгууну уюштурат, бекитилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышын камсыздайт;
57.3.5. сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарын маалымдайт;
57.3.6. шаардык Кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында шаардык Кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат;
57.3.7. чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттоону жүзөгө ашырат;
57.3.8. шаардык Кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
57.3.9. шаардык Кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, шаардык Кеңештин депутаттарына, тийиштүү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
57.3.10. расмий жарыялангандан кийин шардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
57.3.11. шаардык Кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
57.3.12. туруктуу, убактылуу комиссияларга уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
57.3.13. башка ченемдик укуктук актыларга, шаардык Кеңештин ушул Регламентине ылайык жана шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
57.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча иш жүргүзөт.
57.5. Шаардык Кеңештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылган учурда, кийинки чакырылыштагы төрага шайланганга чейин шаардык Кеңештин аппаратынын негизги административдик маселелерин, анын ичинде финансы-чарбалык жана кадрдык маселелерди чечүү боюнча милдеттер, шаардык Кеңештин чыгымдарын төлөө боюнча финансылык жана банктык документтерге кол коюу укугу жүктөлөт.
58-глава. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби
58.1. Шаардык Кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
58.2. Шаардык Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, фракциялар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана шаардык Кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
58.3. Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары ишке ашырат.
58.4. Шаардык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына көзөмөл кылуу шаардык Кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарларына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Шаардык Кеңештин сессиясы учурунда шаардык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына көзөмөл кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
59-глава. Ош шаардык Кеңешин жоюу
59.1. Шаардык Кеңештин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында каралган негиздери боюнча иш жүзүнө ашырылат.
59.2. Шаардык Кеңеш жоюлганда архив органдарынын талаптарына жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамына ылайык бардык документтер сактоого өткөрүлүп берилет.
59.3. Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып шаардык Кеңеш жоюлган деп эсептелет.
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы Б.Т.Баетов