Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү.

12 июнь 2023, Понедельник
286
0


Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы бүгүн өз отурумун өткөрдү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. 

Отурумдун күн тартибиндеги  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн өздүк курамына жеңил типтеги конструкциядан имарат салууга ижара шартында берилип жаткан Ош шаарынын Краснофлотская көчөсүнүн №184 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1768,0 чарчы метр жер тилкесинин ижара акысын 49 жылга бошотуп берүү жөнүндөгү маселе эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, сессиянын кароосуна сунушталды. 

Ошондой эле Ош шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигин менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү Жоболордун долбоорлору,  2023-2024-жылдарга карата Ош шаарынын мэриясындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү Программасынын долбоору сессиянын кароосуна сунушталып, күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча отурумдун тиешелүү чечимдери кабыл алынды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)