Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2023-жылдын 20-июнунда Ош шаардык Кеңешинин XIX сессиясы болот

2023-жылдын 20-июнунда Ош шаардык Кеңешинин XIX сессиясы болот

13 июнь 2023, Вторник
553
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун отуруму болуп өттү. Анда   Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу  маселеси   жана  анын күн тартибинин долбоору каралды. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы   Назылбеков Салман Сатыгулович   сессияда  карала турган маселелерди топтоп  көбөйтпөстөн, даяр болгондорун  сессия чакырып кароону президиум мүчөлөрүнө сунуштады. Сунуш   президиум мүчөлөрү тарабынан колдоого алынып,  2023-жылдын 20-июнунда  Ош шаардык Кеңешинин  XIX  сессиясын   өткөрүү чечими  кабыл алынды.  Боло турган сессиянын күн тартибинин долбооруна 9 маселе  сунушталды. Белгилей кетсек, сессиянын күн тартиби  сессиянын жүрүшүндө  бекитилет. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)