Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

13 июнь 2023, Вторник
589
0


Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Ага депутаттык комиссиянын төрагасы Бакиров Шахназар, комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү мекеменин жетекчилери катышышып, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобону жана 2023-2024-жылдарга карата  Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө

2. Ош шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-майындагы №11-7б-676-23 ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуштамасынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген Жобонун 11-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

3. Ош шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

4.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №83 токтомунун 1-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе

5. Ош шаарынынын аймагындагы географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө

Комиссиянын отурумунда каралган ар бир маселе кызуу талкууга алынып, депутаттар тарабынан суроолор жана сунуштар айтылып, соңунда комиссия бардык маселелерди Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясынын кароосуна сунуштоо чечимин чыгарды.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)