Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары шаардагы социалдык тармактардын мекемелеринин иштери менен жериненен таанышып келишти

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары шаардагы социалдык тармактардын мекемелеринин иштери менен жериненен таанышып келишти

14 июнь 2023, Среда
421
0

2023-жылдын 14-июнунда Ош шаардык   Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кулатов көчөсүнүн №26 дарегинде жайгашкан “Ош шаардык балдардын сүт ашканасы” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып келишти. Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Болотбек  Баетов “Ош шаардык балдардын сүт ашканасы” муниципалдык  ишкананын азыркы күндө шаардагы көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кургак учук жана башка оорулар менен ооруган ата-энелердин балдары, тоголок жана жарым жетим, эрте кошумча, жасалма тамактандырууга муктаж болгон, жугуштуу оорулар менен ооруган эки жашка чейинки балдарды акысыз сүт азыктары менен камсыз кылуу  зарыл экендигин белгиледи. Ошондуктан бул ишкананын өнүгүшүнө ар тараптан жергиликтүү бийлик тарабынан шарттарды түзүп, жардам берүү керектигине  токтолду. 

Андан кийин 2023-жылдын 2-мартындагы ТДКнын протоколдук тапшырмасынын  аткарылышы боюнча Ош шаарынын Мир көчөсүндө жайгашкан балдардын жугуштуу ооруларынын стационарынын бөлүмүнүн имараты менен таанышып келишти. Имараттын ичиндеги кышкы көйгөйлөрү чечилгендиги белгиленди. Бирок май айынан баштап, октябрь айына чейин оорукананын бардык палаталарында микроклиматтык нормасы сакталбагандыктан, ал жерде оорулууларга жатып дарыланууга мүмкүн эместигин көрүштү. Ошондуктан  тиешелүү тармактар тарабынын кайрадан желдетүүчү системаларды карап чыгып, орнотуп берүү зарылчылыгы бар экендигине  күбө болушуп, аткаруу бийлиги бул маселени тез арада чечүүсү зарыл экендигин депутаттар баса белгилешти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)