Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында саламатыкты сактоо кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Ош шаарында саламатыкты сактоо кызматкерлеринин күнү белгиленди.

27 июнь 2023, Вторник
508
0


2023-жылдын 27-июнунда, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма таетрында Ош шаарынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнү белгиленди. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин салтанаттуу аземине Ош шаардык Кенешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Б.Баетов, Ош шаарынын мэри жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Б.Баетов Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун жана депутаттардын атынан куттуктады. 

Болотбек Баетов өз сөзүндө жан сакчысы болгон ак халатчан дарыгерлерибиздин качан, кандай учурда болбосун ооруга арачы түшүп, элибиздин өмүрүн  сактап калуудагы эбегейсиз зор эмгектерин жана дени сак коомдо гана үзүрлүү ийгиликтер жаралып, эли сергек, куунак жашоо кечирээрин баса белгиледи. Жыйынтыгында  алдыңкы кесип ээлерине  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)