Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар болуп өттү.

26 июль 2023, Среда
482
0

  “Кыргыз Республикасынын Конституциясында  жана  мыйзамдарында  каралган  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар болуп өттү.
         2023-жылдын 25-26-июлунда  Ош шаардык Кеңешинин депутаттары  үчүн  “Кыргыз Республикасынын Конституциясында  жана  мыйзамдарында  каралган  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада, Эл аралык республикалык институт уюштурган  семинар болуп өттү. Семинардын  башталышында Ош шаардык Кеңешинин төргасынын орун басары Шайырбек  Нуранов жана Эл аралык республикалык институттун  Кыргызстандагы өкүлү Азамат Алымкулов сөз сүйлөшүп,  өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жергиликтүү    башкаруунун  функцияларын жана ыйгарым укуктарын  жакшыртууда  мааниси  чоң  экендигин белгилешип,  семинардын ишине ийгилик каалашып,  депутаттарды  активдүү  катышууга чакырышты. Семинарда,  Конституциялык укук жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  эксперти,  “Тандем ”аналитикалык борборунун  жетекчиси  Таттыбүбү  Эргешбаева   Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешеси бар мыйзамдар  боюнча кеңири  түшүнүктөрдү берип,   аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө презентацияларды жасап,   депутаттардын   суроолоруна жооп берди.  Ошондой эле, иш-чарада мамлекетте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  таасирин күчөтүү   боюнча  эдвокаси карталарын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердигиндеги  чечүүнү талап кылган  маселелерди иликтеп табуу, аларды чечүү  үчүн   борбордук бийлик органдары менен  байланышта иш алып баруу  боюнча кичи топтордо практикалык иштер алынып барылды. 



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)