Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары 2022-жылдын 5-сентябрында Ош шаарындагы билим берүү тармагына караштуу балдар бакчаларынын, дене тарбия жана спорт комитетинин, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун иштеринин натыйжалуулугу боюнча жеринен таанышып чыгышып, 6-сентябрь күнү туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Баетов алып барып, вице-мэр, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери чакырылып, күн тартибинде беш маселе каралды. Каралган маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары тиешелүү жетекчилерге сунуштарын, суроолорун, тапшырмаларын беришип үч маселени Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушташты.
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465684_084a0272.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465761_084a0405.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465706_084a0387.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465752_084a0490.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465745_084a0492.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465726_084a0508.jpg)
![](/uploads/posts/2022-09/medium/1662465744_084a0522.jpg)