Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Коомдук ишмер Султан Ибраимовду 90 жылдык юбилейине карата эскерүү аземи болду

Коомдук ишмер Султан Ибраимовду 90 жылдык юбилейине карата эскерүү аземи болду

20 сентябрь 2018, Четверг
3 571
0
Ош шаарында Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Султан Ибраимовдун 90 жылдык юбейине карата эскерүү аземи болуп өттү. 
Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбае, коомдук ишмерлер, эмгек ардагерлери жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты. 
Эскерүү аземинде С. Ибраимовдун эстелигине гүл чамбарларды коюушуп, катышуучулар анын басып өткөн эмгек жолу, мамлекет үчүн жасаган үзүрлүү эмгеги жөнүндө сөз кылышты.
 “Султан Ибраимов Ош обкомунун 1- катчысы болуп турган мезгилде маданий имараттардын курулушуна көп көңүл буруп, элдин маданий аң сезиминин жогорулашына чоң салымын кошкон. Анан жасаган эмгектеринен үзүрүн бүгүнкү күнгө чейин көрүп жатабыз. Мындай коомдук ишмерлердин эмгек жолу биздин жаштарыбызга өрнөк болушу керек”, - деди Ж. Ормонов.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)