Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуорум болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуорум болуп өттү

28 август 2023, Понедельник
1 122
0

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Ага депутатык комиссиянын төрагасы Ш. Бакир уулу, төрага С.Назылбеков, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. 

Күн тартибинде Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Амир-Темир көчөсүнүн 1000  метр узундуктагы автоунаа жолун, В.Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки 1,7 километр автоунаа жолун жана Курманжан Датка көчөсүнүн В.Ленин көчөсү менен кесилишинен Загородный көчөсүнө чейинки 1,7 км автоунаа жолун Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, Ош шаардык Кеңешинин сессиясында кароого сунушталды. 




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)