Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы белгиленди

01 сентябрь 2023, Пятница
409
0

2023-жылдын 31-августунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата  Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин катышуусунда республикалык деңгээлдеги майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында  "Сулайман-Тоотарыхый мемориалдык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик Тууну көтөрүү жана көрүнүктүү мамлекеттиксаясий ишмер Насирдин Исановдун эстелигин ачуу аземи болду.  Ошондой эле улуттук оюндар,  жарманкелер, спорттук мелдештин түрлөрү өткөрүлүп, Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана  Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды.

 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)