Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ордолуу Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанат борбордук аянтта өткөрүлдү

Ордолуу Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанат борбордук аянтта өткөрүлдү

31 август 2020, Понедельник
1 058
0

Ордолуу Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанат борбордук аянтта өткөрүлдү. 

Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Алтыбаева, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Б.Юсупов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын өкүлдөрү катышышты. 

Эгемендүүлүккө арналган салтанатта шаар жетекчилери расмий куттуктоолорун айтышып, Ош шаарынын экономикалык, социалдык тармактарынын өнүктүрүүгө кошкон салымдары, үзүрлүү эмгеги менен кызмат көрсөткөн тармагындагы алгылыктуу аракеттери үчүн, пандемия учурунда кызмат көрсөткөн  мекеме иш каналардын кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин жана мэриясынын сыйлоо баракчалары, баалуу белектери  жана Ардак грамоталары  тапшырылды. 

Майрамдык маанай концерттик программа менен коштолду.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)