Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

08 сентябрь 2022, Четверг
548
0

   Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы М.Маматов, комиссиянын мүчөлөрү А.Аккулов, И.Турдуев, Б.Жолдошбаев, Д.Абдибаева, Ашимжан кызы Айпери жана Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумдун күн тартибинде негизинен Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө, мекеме-ишканалардын маалыматтарын угуу, Ош шаарында калктын таза жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрүнүн бааларын өзгөртүү боюнча жана Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын замандын талабына жана санитардык эрежелерге ылайык жайгаштыруу үчүн жаңы полигон курууга Европа инвестициялык банкынан 3 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын катын кароо жана ар түрдүү маселелер каралды. 

Мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулуп, депутаттар күз-кыш мезгилине карата даярдыкты шаардагы социалдык мекемелерге, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилген мезгилде көчмө жыйын өткөрүү менен жеринде таанышып чыгууну сунуштап, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды беришти.

Жыйынтыгынды мекеме-ишканалар тарабынан аткарылган жана аткарылып жаткан  иштер туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары тарабынан эске алынды жана   жогорудагы маселелер Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.    

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)