Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

20 ноябрь 2020, Пятница
1 402
0

2020-жылдын 20-ноябрында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.


Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барып,депутаттар, Э.Арзиев, С.Назылбеков, Ж.Нариев жана И.Капаровдор катышышты. 


Күн тартибинде 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин, ошондой эле Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү «Туруктуу өнүгүүгө багыт» программасынын аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндөгү жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары, ошондой эле Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыктарынын жергиликтүү бюджеттин аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселелер каралып, комиссиянын токтомунун негизинде аталган маселелерди 2020-жылдын жыйынтыгы менен шаардык Кеңешинин сессиясында кароо чечими кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)