Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жаңы курулган жөө өтмөктө көчмө жыйын болуп өттү

Жаңы курулган жөө өтмөктө көчмө жыйын болуп өттү

14 сентябрь 2023, Четверг
411
0

 

Бүгүн 14-сентябрда, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы Ош шаарынын А.Масалиев проспектиси А.Навои көчөсү менен кесилишинде жаңы курулган жөө өтмөктө көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчилери катышышты. Күн тартибинде жөө өтмөктүн учурдагы абалы, массалык маалымат каражаттарындагы резонанс жараткан жагдайлар боюнча адистердин маалыматтары угулуп, курулуш жана коопсуздук нормаларынын сакталышы боюнча маселелер каралып, тиешелүү башкармалыктарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)