Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү

01 декабрь 2020, Вторник
1 072
0

Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумду комиссиянын төрагасы А.Каримбеков алып барып, мүчөлөрү М.Аматбеков, Б.Арзибаев, С.Анарбек уулу, К.Үркүнбаев, Э.Туленбаевдер катышышты. 

Күн тартибине ылайык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилип, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына Ош шаарынын мэриясынын шаардагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелер сунушталды.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)