Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

24 декабрь 2020, Четверг
725
0


            

2020-жылдын 24-декабрында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

            Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, Г.Турдубаева, Р.Касымов, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумдун күн тартибине Ош шаардык мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун, Атайын адистештирилген «Ош-Тазалык» жана «Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканаларынын, Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош  шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жөнүндөДепутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №98 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маселелер коюлган. 

Мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулуп, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан кызуу талкууланды.

Жыйынтыгынды мекеме-ишканалар тарабынан аткарылган иштер туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары тарабынан эске алынды. Ал эми Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрель “Ош шаарында техникалык шарттарга жана суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу бааларын бекитүү жөнүндө” №98 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.   

  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)