Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

27 январь 2021, Среда
1 151
0

Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясын төрагасы А.Каримбеков алып барып, депутаттар М.Аматбеков, Анарбек уулу С, К.Уркунбаев жана Э.Туленбаевтер катышышты. 


Күн тартибиндеги Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча  талкуу жүрүп, алардын мыйзамдуу иш-аракеттери, милдеттерин аныктаган нормативдик-укуктук актыларын иштеп чыгуусу боюнча эл өкүлдөрүнүн сунуштары берилди.

Катта-Сай массивинде индустриялдык зона уюштуруу жөнүндөгү маселе боюнча жумушчу топтун төрагасы, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Ж.Турганбаевдин катышуусунда жумушчу топтун алдыда аткаруучу иштери боюнча багыттар аныкталып, жумушчу топтун кийинки отурумуна алып чыгуучу маселелер такталып, сунуштар берилди.

Күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү токтомдору кабыл алынды.  




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)